# 14-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 14-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-14

---

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 20-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.";

2) 21-беренеде:

а) 5-бөлүктө "көлөмдө" деген сөз "тартипте жана көлөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 7-бөлүктө "кадрлар резервинде турган" деген сөздөр "квалификациялык талаптарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда же кайра уюштурулганда, анын штаты кыскарганда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чегинде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун жок болгон жана иштен бошотулуп жаткан кызматкердин макулдугу болгон учурда, ага кийин кайра уюштурулганга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнүрөөк категориядагы башка кызмат орду берилет.";

4) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-15)
