# 12-берене

- Документ: [Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5394/edition/14323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011962/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 12-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-12

---

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "4 жыл" деген сөздөр "5 жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 13-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"51) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу акысын бекитүү;";

4) 20-беренеде:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 141 - 143-пункттар менен толукталсын:

"141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;

142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;

143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;";

б) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;".

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962/st-13)
