# Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 3 "Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 3 "Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30850/edition/14263/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 3 "Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (19.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011900

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы

2022-жылдын 19-июлу № 3 Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамын ыйгаруу жөнүндө

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын №5 көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Шарк айылдык Кеңешинин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетинин сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

Токтом кылат:

1. Медресе айылынын №5 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алиев Суранбайдын наамы ыйгарылсын.

2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтому менен чектелген мөөнөттөн кийин 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке ашырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С. Абзалов
