# ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 15-июлундагы № 702-Б "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 15-июлундагы № 702-Б "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 702-п
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011876>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1648/edition/14241/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011876.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 15-июлундагы № 702-Б "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу (15.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011876

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК МҮЛКТҮ БАШКАРУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2024-жылдын 15-июлу № 702-Б

Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143 токтомунун 4-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктун жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү сатуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын.

3. Юридикалык башкармалык:

1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

2) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2024-жылдын 16-августундагы № 62 жарыяланды

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Т.А.Баймурзаевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору

А.А. Примов
