Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 жана № 53 мекемелеринин жер участокторун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 235
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 жана № 53 мекемелеринин жер участокторун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 жана № 53 мекемелерин Жалал-Абад шаарынын чегинен тышкары жакка жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 10 жана № 53 мекемелеринин аянты 3500 кв.м (идентификациялык коду 3-10-01-0017-1554) Жалал-Абад шаары, Ю.Абдырахманов көчөсү, 6а жана аянты 68373 кв.м (идентификациялык коду 3-10-01-0017-1506) Т.Байзаков проспекти, 174 даректери боюнча жайгашкан жер участокторун белгиленген тартипте Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына жогоруда көрсөтүлгөн жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон