# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30718/edition/14050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (26.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011730

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 26-январы № 33

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Туристтик тармакка инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 19-майындагы № 01-49-2171 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 4-майындагы № 33 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган Балыкчы токой чарбасынын 23,50 га жери гольф-курорт куруу үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;

- максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда көрсөтүлгөн жерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
