# 6-берене

- Документ: [Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 161 "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5390/edition/14002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011682/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-6

---

"Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 94-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-1-пункту "жаза чаралары" деген сөздөрдөн кийин "жана кошумча укуктук кесепеттер" деген сөздөр менен толукталсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:

"20-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүүнүн тартиби

1. Пробация органдары үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробациянын кардарларынын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт.

2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаны өткөрүү пробация мезгилинде жүзөгө ашырылат.

3. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программаны өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү үчүн жиберилген пробациянын кардарларына болгон пробациялык көзөмөлдөө андан өтүү эрежелерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.".

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-7)
