# 5-берене

- Документ: [Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 161 "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5390/edition/14002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011682/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 67-1-берене менен толукталсын: "67-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү тартиби

1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү жөнүндө талапты камтыган өкүмдү чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин анын көчүрмөсүн коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге аткаруу үчүн жиберет.

2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.".

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-6)
