3-берене
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:
"2-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин ишин координациялоо - ыйгарым укуктуу органдын системалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн түзүүгө жана камсыз кылууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча макулдашылган жана туруктуу механизмди колдоого алууга багытталган иши; 2-2) оңдоп-түзөөчү программа - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматташууга, коммуникацияга жана маалымат алмашууга негизделген жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган системалуу биргелешкен иши; 3-2) тобокелдиктерге баа берүү - үй-бүлөлүк зомбулуктун улануу же кайталанып жасалуу, аны жасаганда оор жана өзгөчө оор кесепеттердин, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын өлүмүнүн келип чыгуу мүмкүндүгүнө баа берүү;";
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам;";
г) 5-пункт "атайылап аткарбоо" деген сөздөрдөн кийин ", ченемдүү жашоо жана өнүгүү үчүн зарыл болгон тамак-аш, турак жай жана башка шарттар менен камсыз кылуу укуктарын чектөө, медициналык жардам алууга тоскоолдук кылуу, балдардын дене бой, психологиялык, экономикалык муктаждыктарын ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) канааттандырбоосу, аларды коркунучтан коргобоо, балдардын негизги жалпы билим алууга болгон укуктарын чектөө, эгерде ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) мүмкүнчүлүгү жана аны алууга жеткиликтүүлүгү болуп туруп, балдардын медициналык жардам алуусу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди көрбөөсү" деген сөздөр менен толукталсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунучту туудурган, куугунтук жасаган адам менен бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум;";
ж) 7 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамга же балага, же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамга жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек адамдын түздөн-түз өзүн багууга колдоо көрсөтүүчү адам; жубайлардын, мурдагы жубайлардын же болбосо иш жүзүндө нике мамилелеринде турган же мурда тургандардын ата-энелери жана балдары; бирге жашаган фактыга карабастан, башка туугандары;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жарандардын коргоо деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлөлүк-тиричилик чөйрөсүндө укук бузуулардын санын жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо коркунучун түзүүчү жана аны жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, жоюуга багытталган социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, экономикалык, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;";
з) төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) түз жана кыйыр байланышуулар - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын өзү сыяктуу эле, анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу телефон (чалуулар, билдирүүлөр) жана/же электрондук байланыш (мессенджерлер, электрондук почта, социалдык тармактар) аркылуу дене бойго жакындоо, байланышуу же байланышуу аракеттери;";
и) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) психологиялык зомбулук - кемсинтүү, жүрөк заада кылуу, шылдыңдоо, чочутуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы гана болбосун түрү менен коркутуу, коркутуу аркылуу адамды анын укугуна кирген кандайдыр бир аракеттерди жасоого же жасабоого мажбурлоо, өмүргө коркунуч туудурган же психикалык, дене бой саламаттыгынын бузулушуна алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо, жашы жеткен адамдардын пикир алышуу, анын ичинде балдар менен пикирлешүү укугун чектөө, адамдын өзүнө таандык документтерди пайдалануу укугун чектөө, анын ичинде документтерди жок кылуу, бузуу же жашыруу жолу менен чектөө;";
к) 10-пункт "коркунучу," деген сөздөн кийин "куугунтуктоосу," деген сөз менен толукталсын;
л) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) дене бой зомбулугу - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн/ага теңештирилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга түздөн-түз же кыйыр түрдө атайылап дене бой аркылуу таасир этүүсү, жашоо үчүн маанилүү функцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн, тамак-аштан, турак жайдан, кийимден ажыратуу же чектөө, ары-бери жүрүү эркиндигинен ажыратуу же чектөө, оор кара жумушка мажбурлоо;";
м) 14-пункт "иш жүзүндөгү тарбиялануучулар" деген сөздөрдөн кийин "алар бирге жашаган фактыга карабастан" деген сөздөр менен толукталсын;
н) 15-пункт "пайдалануусу" деген сөздөн кийин "анын эмгекке болгон укугуна, кесипти жана иштин түрүн тандоо эркиндигине тыюу салуу же чектөө;" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүк "Ушул Мыйзамдын колдонулушу" деген сөздөрдөн кийин ", бирге жашаган фактысына карабастан," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоонун жана коргоонун өзгөчөлүктөрү жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.";
3) 4-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүдө жана кызмат көрсөтүүдө укук коргоочулук мамиле;";
б) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам кылмыш-жаза мыйзамдары же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону камсыздоо;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) балдарды жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын жардам алуусунун ыктыярдуулугу;
10) кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдардын, аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын, улгайган адамдардын өзгөчө муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алуу.";
4) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттерден кечиктирилгис укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам алууга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер тарабынан алардын компетенциясынын чегинде коргоого жана коопсуздукту камсыз кылууга;
3) убактылуу коргоо ордерин алууга;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар менен иштөөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттерге белгилүү болуп калган жеке мүнөздөгү маалыматтын купуялуулугуна;
6) мүмкүнчүлүк бар болгондо жардам көрсөтүүчү адисти тандоого;
7) убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө социалдык өнүктүрүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кабарлоодон баш тартууга.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган укук балдарга жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга жайылтылбайт.";
5) 6-беренеде:
а) 1 жана 2-пункттардагы ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) пробация органдары; 9-2) жазаларды аткаруучу органдар;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
"12-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;";
г) 15-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) башка органдар жана уюмдар өз компетенциясынын чегинде.";
6) 7-беренеде:
а) аталышында жана биринчи абзацта ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын ишин координациялоонун тартибин аныктайт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитет; 9-2) укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууну жүзөгө ашырат;";
7) 8-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пунктта "иштеп чыгууну координациялайт" деген сөздөр "иштеп чыгууга катышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабын аныктоого, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү прогресске жана көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугуна көз салууга багытталган улуттук изилдөөлөрдү, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү башка изилдөөлөрдү жүргүзүүнү демилгелейт;";
г) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:
"3-1) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттердин отчет берүүсүн жана түзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана методикасын иштеп чыгуу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзөт жана болжолдойт; 3-2) кварталына бир жолудан кем эмес өз сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жайгаштырат;";
9) 10-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 жана 1-2-пункттар менен толукталсын:
"1-1) үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү стандарттарын өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат жана бекитет; 1-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууга катышат;";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кварталына бир жолудан кем эмес үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө, ошондой эле берилген убактылуу коргоо ордерлери жөнүндө ведомостволук маалыматты жарандардын жеке маалыматтарын көрсөтпөстөн берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн сайтында жайгаштырат.";
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын, анын ичинде техникалык каражаттарды пайдалануу менен контролдоону жүзөгө ашырат, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча сот актыларынын аткарылышына көмөк көрсөтөт;";
- 4-7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 - 7-3-пункттар менен толукталсын:
"7-1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартат; 7-2) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды укук бузуулар үчүн укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартат; 7-3) укук бузуунун кошумча укуктук кесепети катары ал дайындалган адамдардын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүсүн пробация органдарында контролдойт;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоо үчүн техникалык каражаттарды колдонуунун түрлөрү жана тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдар үчүн консультативдик-алдын алуу борборлорунун, социалдык кызматтардын жана баш калкалоочу жайлардын иштөө стандарттарын иштеп чыгат жана бекитет;";
- 4-пункт "коргоо маселелери боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына," деген сөздөрдөн кийин "үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттерге," деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта "жана аларды киргизүү боюнча социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органдарына көмөк көрсөтөт" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта "тартибин" деген сөздөн кийин "кварталына бирден кем эмес жолу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары жөнүндө ички иштер органдарына жыйырма төрт сааттын ичинде кабарлайт;";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 12-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта "саламаттык сактоо органдарынын практикасына киргизет" деген сөздөр "иштеп чыгат жана бекитет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункт "өзүнүн сайтына" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 13-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) билим берүүнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү стандарттарына толеранттуулук, гендердик теңчилик маданиятын калыптандыруу, зомбулукка жол бербөө, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, басмырлабоо, адам укуктарын урматтоо маселелерин камтыйт;";
- 10-пунктта "маалыматтарды" деген сөздөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 14-беренеде:
а) берененин аталышында "сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "сактоо жана коргоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 1-пунктта "консультациялык-укуктук жардамды, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардамды" деген сөздөр "мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-пунктта "өзүнүн сайтына" деген сөздөрдөн кийин "жылына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
14) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1 жана 14-2-беренелер менен толукталсын:
"14-1-берене. Пробация органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында пробация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрүү боюнча пробация органдарынын ишин уюштурат жана алардын өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт;
2) өз кызматкерлерин окутуу программаларына үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарларына карата оңдоп-түзөөчү программалардын өткөрүү маселелерин камтыйт;
3) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар менен иштөө боюнча оңдоп-түзөөчү программаларды иштеп чыгууну координациялайт;
4) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
5) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту, ошондой эле маалыматты ыйгарым укуктуу органга берет;
6) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча пробация органдарынын иши жөнүндө статистикалык жана башка маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес өз сайтына жайгаштырат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдары:
1) пробация жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулук жасаган пробация кардарлары үчүн оңдоп-түзөөчү программаларды өткөрөт;
2) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу башка субъекттер менен өз ара аракеттенет;
3) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш жөнүндө отчетторду пробация чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
4) өз компетенциясынын чегинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка иштерди жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011682/st-3" title="3-берене - Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>