# 28-берене. Балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга карата убактылуу коргоо ордери

- Документ: [Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 161 "Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5390/edition/14002/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011682/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 28-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-28

---

1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, же болбосо ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине берилет.

2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын мыйзамдуу өкүлүнө же болбосо социалдык өнүктүрүү органынын аймактык бөлүмүнө берилет.

3. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата убактылуу коргоо ордери алардын жеке өзүнө берилет, ал эми аны өз алдынча алуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, аймактык социалдык өнүктүрүү органына берилет.

4. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан балдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органдары тарабынан үч күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө, ички иштер органынын жашы жете электердин иштери боюнча кызматкерине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.

5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга карата, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата убактылуу коргоо ордерин берүү жөнүндө маалымат ички иштер органы тарабынан үч күндүк мөөнөттө социалдык өнүктүрүүнүн аймактык органына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жиберилет.

---

Мурунку берене: [14-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-14-2)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682/st-29)
