# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-августундагы ПЖ № 217 "Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-августундагы ПЖ № 217 "Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011643>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10665/edition/13959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011643.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-августундагы ПЖ № 217 "Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы (02.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011643

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 2-августу ПЖ № 217

Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө

Маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Мураталы Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына "улуттук" деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-августундагы № 60 (3614) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
