Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин «Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы ФАПна ат берүү жөнүндө» №11/95 токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/95
Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы ФАПна ат берүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы ФАПна Төрөгулова Сурмабүбү Төлөгөновнанын ысымын берүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровго милдеттендирилсин.
3.Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин, токтомду https://min-bulak.gov.kg/ веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
Тѳрага
А. Жамангулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.