# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 368
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011565>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30598/edition/13815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011565.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 368 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (08.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011565

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 8-июлу № 368

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:

- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутууну ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;

- социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердигин алынган сумманын 50%ына чейинки өлчөмүндө өтүнмөнүн негизинде каржылоого.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
