Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 „Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 8-июлу № 368
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо:
- 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутууну ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;
- социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердигин алынган сумманын 50%ына чейинки өлчөмүндө өтүнмөнүн негизинде каржылоого.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө Типтүү жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 токтомуна)Типовое положение · 16.01.2023 · № 20 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 16.01.2023 · № 20 · Күчүн жоготкон