42-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы
Күчүндө · 30.07.2024 редакциясы
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы (персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчыларынын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында түзүлөт.
2. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
3) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүнө ээ болуусуна карата.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн стажын эсептөөнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.";
4) 9-берененин 2-бөлүгүндө "аттестациялоо" деген сөз "баалоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо
1. Кызматчылардын ишин баалоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине ылайык кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугунун даражасын жана карьералык өсүшүнүн келечегин аныктоону билдирет.
2. Баалоо жарым жылдык баалоону эске алуу менен кызматчынын ишинин натыйжалары боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
3. Баалоо жүргүзүүнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.";
6) 21-беренеде:
а) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштеген мезгили мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына эсептелет. Мында Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин кызмат орундарынын мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына шайкеш келүүсүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
7) 37-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) баалоонун жыйынтыгы менен тастыкталган ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбегенде;";
б) 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 30.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011460/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>