# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5387/edition/13684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011460/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (30.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-2

---

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 19-пунктунда "аттестациялоо" деген сөз "баалоо" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-беренелер менен толукталсын:

"41-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-1)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-42)
