# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5387/edition/13684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011460/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (30.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-1

---

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Аким кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";

2) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";

3) 11-беренеде:

а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүктө "буйруктарды" деген сөз "тескемелерди" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 12-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Акимдин биринчи орун басары (орун басары) Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкүлөр боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат:

- акимдин сунуштамасы;

- Президенттин тиешелүү областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу;

- акимдин Президенттин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашылган сунуштамасы боюнча.

Акимдин биринчи орун басары (орун басары) кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.

2. Акимдин биринчи орун басарынын (орун басарынын) кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";

5) 13-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар ээлей алат.";

6) 46-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Республикалык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 10 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 15 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат. Областтык маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинен жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат. Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";

б) 3-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, тиешелүү шаарда туулган;";

7) 47-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Шаарлардын мэрлери кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.";

8) 48-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту "органдарынын" деген сөздөн кийин "шаардык" деген сөз менен толукталсын;

9) 49-берененин 2-бөлүгүндө "муниципалдык резервде" деген сөздөр "кадрлар резервинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 52-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат ордундарында 3 жылдык иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 7 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 5 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.";

11) 53-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "кадрлардын муниципалдык резервинде" деген сөздөр "кадрлар резервинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 55-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460/st-2)
