# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 441
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2024
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30526/edition/13679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө" токтому (15.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011458

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 616 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 31-июлу № 441

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн шарттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) бир ставкага эсептегенде 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө, бирок бир кызматкерге 20000 (жыйырма миң) сомдон ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;

2) Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардамдарынын врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө иштеген убактысына жараша 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

1) алыскы райондорго, чакан шаарларга жана айыл жергесине саламаттык сактоо уюмдарына иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистиктердин реестрин бекитсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.У. Жапаров |
