# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 429
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30523/edition/13665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 "Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011453

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-июлу № 429

Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө

Жаза аткаруу системасынын мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 101-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
