# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011449)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 151 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011449/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5384/edition/13662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011449/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011449/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 2121-берене менен толукталсын: "2121-берене. Калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо Товарларды пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүүнүн белгиленген ченемдерин аткарбоо жана утилдештирүү жыйымын төлөө тартибин бузуу - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан айып пулду төлөө аларды утилдештирүү жыйымын төлөө милдеттенмесинен бошотпойт.".

---

Мурунку берене: [842-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011449/st-842)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011449/st-3)
