1-берене
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 841 жана 842-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"841-берене. Төлөөчү
1. Майлоочу майлар, автомобиль шиналары, аккумулятордук батареялар, электромобилдердин аккумуляторлору, коргошун аккумуляторлору, электрондук жана электр техникалык жабдуулар, турмуш-тиричилик техникасы, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар сыяктуу товарлардын түрлөрүн, ошондой эле ТЭИ ТН коду бар тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленүүчү айкалыштырылган материалдардан, картондон, резинадан, пластмассадан, полимерден жасалган товарларды жана товарлардын таңгактарын пайдалануудан калган калдыктарды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн утилдештирүү жыйымы Кыргыз Республикасынын аймагындагы товар өндүрүүчүлөр, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлардын калдыктарын өз алдынча кайра иштетүүнү камсыз кылбаган үчүнчү өлкөлөрдөн же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу импорттоочулар тарабынан төлөнөт.
Утилдештирүү жыйымы "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү төмөнкүдөй товарлар утилдештирүү жыйымынан бошотулат:
- мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын линиясы боюнча кайтарымсыз жардам катары жана (же) кайрымдуулук максатында, анын ичинде техникалык көмөк көрсөтүү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөргө же консулдук мекемелерге, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдалануучу эл аралык уюмдарга, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон;
- улуттук коопсуздукту, коргонууну, укук коргоо ишин камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн арналган.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 15.08.2023 · № 181
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230011449/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>