# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5383/edition/13648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-июлундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011439

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2024-жылдын 26-июлу № 149

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011439/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити. 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 80-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун эки күнүнө барабар деп эсептелет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011439/st-2)

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 61-берене менен толукталсын: "61-берене Соттуулукту жоюуга жана алып салууга карата 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген эрежелер Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин кылмыш жасаган адамдарга жайылтылат, буга көрсөтүлгөн адамдардын кылмыштуу жосундарынын кылмыш-жаза-укуктук кесепеттери Кылмыш-жаза кодексинде жеңилдетилген учурлар кирбейт.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011439/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелеринин жоболору 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонулат деп белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 26-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
