# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5382/edition/13618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011409

---

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2024-жылдын 29-июлу № 155 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011409/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 24-февралы, № 14) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 5-бөлүгүндө "дубликат" деген сөз "сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 3-беренеде "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 6-берененин 1-бөлүгүндө "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011409/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-августундагы № 58 (3612) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 27-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
