Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну („Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү“ долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну („Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү“ долбоору) ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 23-июлу № 139
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашууну ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене. 2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) жана 2024-жылдын 29-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген жагы катары аракеттенүүчү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жашыл климаттык фондду каржылоо жөнүндө макулдашуу ("Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү" долбоору) ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.