# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2317-VII "Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2317-VII "Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2317-VII
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15765/edition/13583/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 27-июнундагы № 2317-VII "Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө" токтому (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 27-июну № 2317-VII

Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын 2035-жылга чейинки улуттук энергетикалык программасы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- 2035-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасында көрсөтүлгөн иш-чаралар планын так аткарууну;

- күз-кыш мезгилинде энергия тутумунун туруктуу иштеши жана республиканын калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону;

- Токтогул ГЭСинин каскадында авариялык кырдаалдарды болтурбоо максатында Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин контролдоону күчөтүүнү;

- тармактагы каражаттардын тартыштыгын жоюу боюнча туруктуу каржылоо булактарын;

- мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча энергия иштеп чыгуучу объекттерди курууну;

- энергетика секторунда ачык-айкындуулукка жетишүү үчүн заманбап технологияларды колдонууну;

- Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна отун жагууда зыяндуу заттардын чыгарылышын азайтуу үчүн заманбап атайын чыпкаларды жана күл топтоочу жабдууларды орнотуу боюнча туруктуу чараларды көрүүнү.

3. Ар бир жылдын 1-сентябрына чейин 2035-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасын ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине берип турсун.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Н.Т. Шакиев
