Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 12-июлу № 375 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө Айрым мамлекеттик ишканалардын ишин укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы анын курамынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын "Металлпром" филиалын чыгаруу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын "Металлпром" филиалынын базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун карамагынан "Дан" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасы бөлүштүрүү балансына ылайык кайра уюшулган мамлекеттик ишканалардын укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук улантуучулары болуп саналат;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы "Дан" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке кайра уюшулган мамлекеттик ишканалардын бөлүштүрүү балансын бекитүү боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасын жана жер участогун Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун колдонуу кабыл алынган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
7. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасы болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасы болуп;
3) "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасы болуп;
4) "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы болуп;
5) "Дан" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасы болуп;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасы болуп.
8. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын уставы 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасынын уставы 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасынын уставы 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын уставы 7-тиркемеге ылайык;
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасынын ведомстволук уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- 4, 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомунун 2-4-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 "Буудай - Кара-Балта" ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө" токтомунун 2, 4, 5-пункттары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтомунун 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 701 "Лотерея иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
12. Бул токтомдун 8-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өтсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
15. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 53 (3607) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Begin_nocompare
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (22)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасынын ведомстволук…Постановление · 27.10.2022 · № 589
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29 сентябрындагы №218 «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча…Постановление · 29.09.2010 · № 218
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 21-июнунун №97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" ТоктомуПостановление · 21.06.2010 · № 97
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 438 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 26.06.2026 · № 441
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Дан" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР Министрлер…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Талас" соода-базар комплекси" мамлекеттик ишканасынын…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик…Устав · 12.07.2024 · № 375
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 30.04.2022 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-сентябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 "Кыргыз…Постановление · 13.09.2025 · № 582
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча…Постановление · 19.11.2025 · № 746
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.07.2025 · № 422
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-ноябрындагы № 661 "Кыргызметаллпром" мамлекеттик ишканасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер…Постановление · 01.11.2024 · № 661
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү…Постановление · 27.09.2022 · № 524 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Объекттерди башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик…Устав · 27.10.2022 · № 589 · Күчүн жоготкон
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин системасынын ведомстволук…Постановление · 27.10.2022 · № 589
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Постановление · 29.05.2023 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29 сентябрындагы №218 «Буудай - Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча…Постановление · 29.09.2010 · № 218
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.06.2016 · № 339
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Постановление · 30.04.2022 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Асель" ательеси" мамлекеттик ишканасын…Постановление · 05.06.2015 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү…Постановление · 27.09.2022 · № 524 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 701 "Лотерея иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине…Постановление · 16.12.2022 · № 701 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы №324 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 97 "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасын түзүү…Постановление · 16.12.2010 · № 324 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15