# Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/10 “Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/10 “Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26/10
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30405/edition/13472/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кербен шаардык кеңешинин 2024-жылынын 08-июлундагы № 26/10 “Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө” токтому (08.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011279

---

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кербен шаардык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 08-июлу №26/10

Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “ Нива” жана “Жигули-2107” автоууналарды Кербен шаардык Кеңешке ошондой эле “Тазалык“ муниципиалдык ишканасына өткөруп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын дэнгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл өкмөтү кошулудун ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 240 жана 2023-жылдын 13-сентябрындагы №468 токтомдорунун 4-тиркемесинин 11-пунктунун негизинде Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 60 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “Нива” автоуунасын Кербен шаардык Кеңешинин төрагасына бекитип берилсин.

2. Кербен шаарынын мэриясынын балансында турган “Жигули 2107” автоуунасын “Тазалык” муниципиалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

3. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын кызмат автоуунасына ар айда 150 (жүз элүү) литр күйүүчү майын камсыздап берүү жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы:

Р.Назарбеков
