# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 454-т (2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 454-т (2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 454-р
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011249>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19263/edition/13433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011249.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 454-т (2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011249

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 26-июлу № 454-т

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө", 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 610 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомдорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык;

- 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү боюнча план (мындан ары - Адал туризмди өнүктүрүү боюнча план) 2-тиркемеге ылайык.

2. Иш-чаралар планын жана Адал туризмди өнүктүрүү боюнча планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- аларды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен, алардын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Иш-чаралар планын жана Адал туризмди өнүктүрүү боюнча планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Иш-чаралар планын жана Адал туризмди енүктүрүү боюнча планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Иш-чаралар планын жана Адал туризмди өнүктүрүү боюнча планды ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар ПЛАНЫ

№

Милдеттер

Чаралар/Аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлгөн натыйжалар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо булактары

1

2

3

4

5

6

7

1. Адал индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча системалык документтерди иштеп чыгуу

1

"Кыргыз Республика- сындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу

1.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо тутумун "адал" стандарттарына ылайык жүргүзүүнүн жана ишке ашыруунун тартибин, Продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү маркалоо тутумун "адал" стандарттарына ылайык жүргүзүүнүн жана ишке ашыруунун тартибин жана Өлкөлөр ортосунда адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өз ара таануунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоорун иштеп чыгуу

2025-жыл 1-квартал

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилди

ЭКМ, АИӨБ, СМБ, КАБ

АИӨБ бюджети

1.2. "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу

2025-жыл 4-квартал

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилди

ЭКМ, АИӨБ, СМБ, КАБ

АИӨБ бюджети

1.3.Ашкананын сапаты, тейлөөсү, баалары, атмосферасы жана адал стандарттарына шайкештиги жана башка аспекттери боюнча критерийлердин негизинде ресторандардын, кафелердин, ошондой эле коомдук тамактануу жайларынын рейтингин баалоо методикасын иштеп чыгуу

2026-жыл

Ресторандардын, кафелердин, коомдук тамактануу жайларынын рейтингин баалоо методологиясы кабыл алынды. Керектөөчүгө адал стандарттарынын жана башка аспекттердин талаптарын сактоо боюнча коомдук тамактануу жайларын тандоодо аң-сезимдүү чечим кабыл алууга жардам берген маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү берилди

ЭКМ, АИӨБ, СМБ, ТД, АИӨБ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча), НоRеСа ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

АИӨБ бюджети

2. Адал индустриясынын инфраструктурасын түзүү

2

Адал индустрия чөйрөсүн башкаруу системасын санариптештирүү

2.1. Адал продукцияларды жүгүртүүгө катышуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу жана адал индустрия чөйрөсүндөгү маалыматтардын маалымат базасын түзүү:

- адал продукцияга жана адал кызмат көрсөтүүлөргө берилген шайкештик сертификаттардын реестри;

- адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча органдардын реестри;

-"адал" белгисин колдонгон ишканалардын реестри;

- адал сертификаттоо чөйрөсүндөгү техникалык аудиторлордун реестри

2025-2026-жылдар

Бирдиктүү реестр иштелип чыкты жана адал индустрия чөйрөсүндөгү маалыматтардын маалымат базасы түзүлдү

ЭКМ, БТБ МИ, АИӨБ, СМБ, КАБ, КМДБ (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

3. Адал принциптери жана адал продукцияларга стандарттар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу

3

Адал продукцияларды өндүрүү, экспорттоо жана адал кызматтарды көрсөтүү менен алектенген чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү

3.1. Калктын адал продукция жана адал кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, адал продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жарманкелерин уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу

2025-2027-жылдар

Калктын маалымдуулугунун деңгээли жогорулады, адал продукциялардын жана адал кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөлөрү жана жарманкелери өткөрүлдү

Кыргыз экспорт, АИӨБ, ЭКМ, ТИМ, СӨП (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

3.2. Адал индустрия маселелери боюнча ЖМКда РR-кампания жүргүзүү. Маалыматтык материалдарды даярдоо (колдонмолорду, брошюраларды, буклеттерди ж.б.)

2025-2027-жылдар

Адал индустрия маселелери боюнча ЖМКда РR-кампания жүргүзүлдү. Маалыматтык материалдар даярдалды (колдонмолор, брошюралар, буклеттер ж.б.)

АИӨБ, КМДБ (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

3.3. Адал продукцияны сатууда рыноктун катышуучуларына адал стандарттарынын талаптарын колдонуу боюнча көмөк көрсөтүү

2025-2026-жылдар

Адал стандарттарынын талаптарын колдонуу боюнча окуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлдү, адал продукция сатуу эрежелери иштелип чыкты жана ишке киргизилди

ЭКМ, АИӨБ, СМБ

Эл аралык донорлор (макулдашуу (макулдашуу боюнча)

4. Кыргыз Республикасынын адал индустрия чөйрөсүндөгү катышуучулардын кадрдык потенциалын жогорулатуу

4

Адал стандарттары чөйрөсүндөгү адистердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу

4.1. "Тамак-аш технологиялары жана өндүрүш, тамак-аш продукциясын өндүрүүгө адистешкен жогорку кесиптик окуу жайларында конок лекцияларды көбөйтүү" багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу программаларына адал стандарттарынын концепциясын киргизүү

2025-2026-жылдар

Адал индустрия чөйрөсүндөгү адистер (аудиторлор) даярдалды жана адал индустрия боюнча маалымат базасынын реестрине киргизилди

АИӨБ, БИМ, СМБ, КАБ, КМДБ (макулдашуу боюнча

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

4.2. Консультациялар үчүн эл аралык эксперттерди тартуу менен окуу иш-чараларын уюштуруу (SMIIC Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту, Малайзия Ислам институту ж.б.)

2025-2027-жылдар

Адал индустрия чөйрөсүндөгү адистер (аудиторлор) даярдалды жана адал индустрия боюнча маалымат базасынын реестрине киргизилди

АИӨБ, БИМ, СМБ, КАБ, КМДБ (макулдашуу боюнча

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

5. Адал продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө сертификаттарды өз ара таануу үчүн шарттарды түзүү

5

Адал продукциянын шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү

5.1. Адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн тастыктоо

2025-жыл 3-квартал

Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо органына (КР ЭКМ КАБ) аккредитациялоого өтүнмө берилди

ЭКМ, ТИМ, СӨП, АИӨБ, СМБ, КАБ

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

5.2. Адал индустрия жаатында эл аралык уюмдар менен кызматташуу, алардын техникалык комитеттеринин ишине, жыйналыштарына катышуу

Туруктуу

Адал индустрия жаатында кызматташуу боюнча эл аралык макулдашууларга (меморандумдарга) кол коюлду

ЭКМ, ТИМ, СӨП, АИӨБ, СМБ, КАБ

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

Эскертүү: каржылоо булагы (АИӨБдин бюджети) Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы боюнча гранттык макулдашууга ылайык Азия өнүктүрүү банкынын бюджеттик ассигнованиелеринин эсебинен пайдаланылат жана адал индустрияны өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун тартуу боюнча ресурстарды мобилизациялоо пландаштырылууда.

Кыскартуулардын тизмеси:

ТИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

БИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ЭКМ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

ИУА

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

СӨП

\-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы

БТБ МИ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы

Кыргыз экспорт

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси

КМДБ

\-

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

АИӨБ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси

СМБ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору

КАБ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору

ТД

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти

2-тиркеме

2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүү боюнча ПЛАН

№

Милдеттер

Чаралар/аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлгөн натыйжалар (продукт)

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо булактары

1

2

3

4

5

6

7

1. Адал туризм чөйрөсүн өнүктүрүүнү эс алуунун башка түрлөрү (маданий, спорт) менен айкалыштырып туристтердин санын көбөйтүү, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү жана туристтик маршруттардын географиясын кеңейтүү

1

Адал туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

1.1. ТК 036 "Адал индустрия" ишинин алкагында адал туризм чөйрөсүндөгү алдынкы стандарттарды адаптациялоо жана киргизүү

2024-2027-жылдар

Адал туризм чөйрөсүндө улуттук стандарттардын тизмеги аныкталды

АИӨБ, СМБ, КМДБ (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

1.2. Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары мусулман аудиториясынын адал туризмге болгон суроо-талаптары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү

2024-жылдын 4-кварталы

Адал туризм чөйрөсүндө маркетингдик аракеттер түзүлдү

ТД, ТӨФ, ЭКМ, АИӨБ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

1.3. Мусулман саякатчыларынын кызыкчылыктарын эске алган турпакеттерди түзүү, анын ичинде диний жана тарыхый мааниси бар жерлерге баруу

2025-2026-жылдар

Адал стандарттардын талаптарын эске алуу менен кабыл алынган турпакеттердин саны көбөйдү

ТД, ТӨФ, ЭКМ, АИӨБ, КМДБ, КРП облустардагы ЫУӨ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

2. Адал туризм инфраструктурасын өркүндөтүү

2

Кыргыз Республикасында адал туризм инфраструктурасын жакшыртуу

2.1. Адал туризмди, анын ичинде эс алуу зоналарын, адал мейманканаларды, ресторандарды жана кафелерди өнүктүрүү үчүн объекттердин реестрин түзүү

2025-2026-жылдар

Адал туризм жаатындагы инфраструктуралык объекттердин маалымат базасы түзүлдү

АИӨБ, СМБ, ТД, ТӨФ, КРП облустардагы ЫУӨ, КМДБ (макулдашуу боюнча) КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

2.2. Борбордук мечиттин аймагында жана башка жерлерде Кыргыз Республикасындагы маданий-диний тарых музейлеринин ачылышы

2025-2027-жылдар

Борбордук Азиянын кооздугун, тарыхын жана маданиятын изилдөөгө умтулган саякатчылар үчүн кошумча уникалдуу жана аутенттик локациялар түзүлдү

ТД, ТӨФ, АИӨБ, ДИМК, КРП облустардагы ЫУӨ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КМДБ (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

2.3. Жашыл инвестициялар аркылуу туруктуу адал туризмди өнүктүрүү аркылуу туристтик индустриянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу

2025-2027-жылдар

Туристтик индустрияда жашыл инвестицияларды тартуу боюнча чаралар көрүлдү

ИУА, ЭКМ, ТД, ТӨФ, АИӨБ, КРП облустардагы ЫУӨ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

2.4. Ресторандар, кафелер жана башка коомдук тамактануу жайлары арасында рейтингди баалоо методикасынын негизинде жыйынтыгын жарыялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү

2026-2027-жылдар

"Жылдын тандоосу" сыйлыгы - ресторан жана мейманкана бизнеси чөйрөсүндө ар жылдык сыйлык адал индустрия чөйрөсүндөгү мыкты жайгаштыруу каражаттарына, коомдук тамактануу ишканаларына жана мыкты компанияларга ыйгарылды

ТД, СМБ, АИӨБ, ТӨФ, КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча) НоRеСа ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

2.5. Жергиликтүү мечиттердин кооз жерлерин жана башка адал багытындагы обьекттерди виртуалдаштыруу

2027-жыл

Ар кандай физикалык маданий объекттердин виртуалдык версиялары түзүлдү

ТД, АИӨБ, ЭКМ, ТӨФ, КРП облустардагы ЫУӨ, КМДБ (макулдашуу боюнча), КР туроператорлор ассоциациясы (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

3. Адал туризмди өнүктүрүүнүн катышуучуларынын кадрдык потенциалын жогорулатуу

3

Адал туризм, стандарттар чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу

3.1. Адал туризм темасында эл аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү

2025-2027-жылдар

Конференциялардын жыйынтыгы боюнча атайын басылмалар чыгарылды

ТД, БИМ, ТИМ,ЭКУ, АИӨБ, ЖОЖдор (макулдашуу боюнча)

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

3.2. Консультация үчүн эл аралык эксперттерди тартуу менен (Түрк стандарттар институту ж.б.) окутуучу иш-чараларды уюштуруу

2025-2027-жылдар

Адал туризм чөйрөсүндө компетенттүү адистер көбөйдү, кадрлар менен камсыз кылуудагы тартыштык азайды

ТД, СМБ, ЭКМ, БИМ, АИӨБ

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча)

Кыскартуулардын тизмеси:

БИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

ТИМ

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

ЭКМ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

ИУА

\-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

СӨП

\-

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы

КРП облустардагы ЫУӨ

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

ТӨФ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин алдындагы Туризмди өнүктүрүү фонду

ТД

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти

КМДБ

\-

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

АИӨБ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси

СМБ

\-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору

ДИМК

\-

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

ЖОЖ

\-

жогорку окуу жайлар

ЭКУ

\-

Эл аралык Кувейт университети

ТК 036

\-

Стандартташтыруу боюнча 036 техникалык комитет
