# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 389
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30378/edition/13412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (16.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011229

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 16-июлу № 389

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Чарбакер субъектке убактылуу акысыз пайдаланууга берилген жер участокторун натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:

"6-1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте чектеш аймакта жайгашкан башка чарбакер субъекттер менен ушул чарбакер субъекттердин иш процессинде түзүлгөн радиоактивдүү, уулуу жана башка калдыктарды пайдалануу, сактоо жана көмүү боюнча тиешелүү келишимдерди түзүү сунушталсын.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 54 (3608) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
