Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 391 токтомуна)
Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт. Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлөрдүн реестрин (мындан ары - кол өнөрчүлөрдүн реестри) түзүүнүн жана жүргүзүүнүн максаты болуп кол өнөрчүлөр жөнүндө маалыматты сактоо жана актуалдаштыруу жана маалыматка ыкчам жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу саналат.
2. Кол өнөрчүлөрдүн реестри ар кандай кол өнөрчүлүк менен иштеген кол өнөрчүлөр жана кол өнөрчүлүк уюмдар жөнүндө маалымат базасын, ошондой эле алардын продукциялары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты түшүндүрөт.
3. Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөрү, кол өнөрчүлөр сунуш кылган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка кызыкдар болгон юридикалык жана жеке жактар кол өнөрчүлөрдүн реестринин колдонуучулары боло алышат.
4. Кол өнөрчүлөрдүн реестринде камтылган маалыматтар юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын таанышуусу жана пайдалануусу үчүн жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кол өнөрчүлүк иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) болуп саналат, ал кол өнөрчүлүк ишинин субъекттери жөнүндө маалыматтарды киргизүү жолу менен кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзөт жана жүргүзөт.
6. Кол өнөрчүлөрдүн реестри кол өнөрчүлөрдүн ишин жөнгө салуу, алардын квалификациясын камсыз кылуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлөт.
2. Кол өнөрчүлөрдүн реестрин түзүү тартиби
7. Кол өнөрчүлүк ишинин түрлөрүн кол өнөрчүлөрдүн реестрине киргизүү же чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү критерийлерди эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.
8. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кол өнөрчүлөрдүн реестрин жүргүзүү боюнча иштин абалы жөнүндө маалымат жиберип турат.
9. Кол өнөрчүлөрдүн реестри Кыргыз Республикасында кол өнөрчүлүк ишинин түрлөрүн түзүү жана бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз жана электрондук түрдө жүргүзүлөт.
10. Кол өнөрчүлөрдүн реестри кол өнөрчүлүк ишинин тизмегин чогултууну, системалаштырууну жана сактоону жүргүзгөн мекемелерде, уюмдарда, алып жүрүүчүлөрдүн коомдоштуктарында, жарандык коомдун өкүлдөрүндө болгон кол өнөрчүлүк ишинин түрлөрү жөнүндө маалыматтардан түзүлөт.
11. Жарандар жана юридикалык жактар кол өнөрчүлөрдүн реестрине кирүү үчүн кол өнөрчүлүк ишинин түрлөрү боюнча сунуштарды ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө укуктуу.
12. Ыйгарым укуктуу орган алынган сунуштарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат жана бул иштин жыйынтыгы боюнча кол өнөрчүлөрдүн реестрине электрондук жана кагаз түрүндө тиешелүү жазууларды киргизет.
13. Кол өнөрчүлөр ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү.
14. Каттоо өзүнө арыз берүүнү, инсандыгын ырастоочу күбөлүктүн көчүрмөсүн, салыкты каттоо жөнүндө күбөлүктү жана алардын квалификациясын жана кол өнөрчүлүк менен иштөөгө жарамдуулугун ырастаган башка документтерди камтыйт.
15. Ушул Жобонун 14-пунктунун талаптарына ылайык келген адамдардын документтери кол өнөрчүлөрдүн реестрине киргизилет.
16. Кол өнөрчүлөрдүн реестринде төмөнкү маалыматтар камтылат.
- кол өнөрчүнүн өздүк анкетасы;
- кол өнөрчүлүк ишинин мүнөздөмөлөрү жана сертификаттары;
- кол өнөрчүлүк ишинин түрлөрү;
- чебердин толук аталышы (фирмалык аталышы);
- каттоо номери же коду;
- чебер жасаган кол өнөрчүлүктүн түрлөрү;
- байланыш маалымат, анын ичинде даректери жана телефондору.
17. Кол өнөрчүлөрдүн реестриндеги маалыматты жаңылоо кол өнөрчү тарабынан жазуу жүзүндө маалымат берилген учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Кол өнөрчүлөрдүн реестрине киргизилген кол өнөрчүлөр кол өнөрчүлөрдүн реестриндеги маалыматты жаңыртуу үчүн бардык өзгөрүүлөр жөнүндө дайыма маалымат берип турушу керек. Ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүлгөн учурда кол өнөрчү бул тууралуу маалыматтар өзгөргөн учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде кагаз же электрондук формада ыйгарым укуктуу органга билдирет.
19. Ушул Жобонун 14-пунктунда каралган маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч жумуш күндүн ичинде кол өнөрчүлөрдүн реестрине киргизилиши керек.
20. Ыйгарым укуктуу орган маалыматка санкцияланбаган жетүүдөн жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн коргоону камсыз кылат.
21. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтарды кошпогондо, кол өнөрчүлөрдүн реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат. Кол өнөрчүлөрдүн реестрине кирүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аны расмий сайтка жайгаштыруу жана актуалдаштыруу, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу камсыз кылынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.