# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 396
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-30366/edition/13393/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому (19.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011212

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 17-июлу № 396 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы № 481 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндөгү иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-августундагы N 481 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 55 (3609) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Begin\_nocompare

2-тиркеме

"2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

". End\_nocompare
