Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-июлу № 401 Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында окуу процессин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аскердик жана укук коргоо органдарынын системасына кирген жана медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарында окуу сабактары саат 10дон эрте башталбайт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 6-тиркемесинде: 159-пунктта "башталбайт" деген сөз "башталышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жеке менчик формасындагы башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окуу сабактарын саат 10дон эрте баштабоо сунушталсын.
4. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) каралган каражаттардын чегинде:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери (Кыргыз…Нормативы · 11.04.2016 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 401 "Билим берүү…Постановление · 29.10.2024 · № 647
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 705 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым…Постановление · 17.10.2026 · № 705 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.