# 8-берене

- Документ: [Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5376/edition/13390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011207/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 8-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-8

---

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 4-беренеде:

а) 8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 12 жана 13-пункттар менен толукталсын:

"12) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга, же болбосо салык салуунун бул системасынан чыгууга ниеттенген, турак жай жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу, ошондой эле атайын курулуш иштерин аткаруучу субъекттер, айыл чарба продуктуларын даярдоочулар учурдагы салыктык эсепке алуунун орду боюнча салык органына 2024-жылдын 1-августуна чейинки мезгилдин ичинде салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлөт. Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан ыктыярдуу чыккан салык төлөөчү деп таанылат.

13) Каттоо орду административдик-аймактык реформанын натыйжасында өзгөртүлгөн мүлккө карата учурдагы календардык жыл аяктаганга чейин салыкты эсептөө жана төлөө администрациялык-аймактык реформаны аткаруу үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейин мүлктү каттоо орду үчүн анын каттоо ордуна ылайык келген ставкалар боюнча жана тартипте жүзөгө ашырылат.".

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-9)
