# 4-берене

- Документ: [Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5376/edition/13390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011207/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) банк - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансылык-кредиттик же кредиттик мекеме же уюм;";

2) 15-берененин 2-бөлүгүндө:

а) биринчи абзацта "ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган" деген сөздөр алып салынсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Ушул бөлүктүн жоболору Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу максатында ушул Кодекске өзгөртүүлөр киргизилген учурларга жайылтылбайт.";

3) мамлекеттик тилдеги 37-берененин 4-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) сатуудан алынуучу салык.";

4) 48-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Салык төлөөчү өз кабинети аркылуу:

1) салык кызматынын органынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерде пайдаланылуучу электрондук документтерди алат:

2) салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган электрондук документтерди, анын ичинде кагаз жүзүндөгү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн берет;

3) Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин туруктуу негизде жүргүзөт жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылат. Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестри киреше салыгы боюнча отчетторду берүү учурунда салык төлөөчү тарабынан пайдаланылат. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт.

Электрондук документтер салык төлөөчү же салык кызматынын органынын жетекчиси өзү кол койгон кагаз жүзүндөгү документтерге теңдеш деп таанылат. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, эгерде электрондук документтер салык төлөөчүгө жөнөтүлсө же ага анын кабинети аркылуу берилсе, кагаз жүзүндөгү документтерди жөнөтүү талап кылынбайт.";

5) 51-берененин 1-бөлүгүндө:

а) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31) салык төлөөчүнүн өз кабинети аркылуу Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүүгө жана анда жалданма кызматкерлер болуп саналган жана аны менен эмгек мамилелеринде турган жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылууга. Ушул пункт мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга жайылтылбайт;";

6) 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) жазма буйруктун негизинде көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык төлөөчү тааныган салык карызын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү, жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын аныктоо үчүн салык постун орнотуу формасында, ошондой эле бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келген аймакта же жайда хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө салык контролун жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамына кирүүгө мүмкүндүк берүүгө;";

б) 56-берененин 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 72-берененин 5-бөлүгүндө "кабарламанын" деген сөз "арыздын" деген сөзгө алмаштырылсын;

8) мамлекеттик тилдеги 110-берененин 1-бөлүгүндө "кирет" деген сөз "турууга тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 111-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын;

3) салык кызматынын органы тарабынан аныкталган, жакты салык төлөөгө милдеттендирүүчү ушул Кодексте каралган жагдайлардын.

Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан жалпы салык режимине мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт. Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат.

2. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо жүргүзүлөт, ал бир эле убакта анын КНС салык төлөөчү катары каттоосу деп таанылат.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

10) 118-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "чечими" деген сөз "жазуу жүзүндө кабарлоосу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 127-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын:

12) 138-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) көрсөткүчү салык төлөөчүнүн кабинетинде көрсөтүлгөн жалданма кызматкерлердин санынан ашкан жалданма кызматкерлердин иш жүзүндөгү санын жашыруу фактысы аныкталганда.";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жалданма кызматкерлер боюнча салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр усулунда ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";

13) 163-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк мекен толукталсын:

"21. Эгерде рейддик салык контролунун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан киреше салыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы тиешелүү салык мезгилинин салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу төмөндөтүлгөнү аныкталса, салык төлөөчүгө төмөндөтүлгөн салыктын суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.";

14) 164-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-бөлүктөр менен толукталсын:

"11. Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы кармалбаганда жана төлөнбөгөндө салык агентине төлөнүүгө тийиш болгон салыктын кармалбаган жана төлөнбөгөн суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

12. Бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон киреше салыгы боюнча салык милдеттенмесинин суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүнөн эсептелет, бюджетке өндүрүлөт жана бул салык төлөөчүгө карата, эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы тарабынан төмөнкүлөр аныкталса, эсептелген салык милдеттенмесинин суммасынан беш эселенген өлчөмдө салык санкциясы колдонулат:

- салык төлөөчү белгилүү бир салык мезгили үчүн киреше салыгы боюнча салык отчетун бербегени; жана/же

- салык төлөөчү тарабынан салык отчетторунда жана/же ушул Кодекстин 51-беренесине ылайык жүргүзүлүүчү Жалданма кызматкерлер боюнча салык агентинин реестринде көрсөтүлбөгөн жалданма кызматкерлерди тартуу фактысы.

Эгерде рейддик салык контролунун жүрүшүндө салык кызматынын органы жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын иш жүзүндөгү өлчөмүн аныктабаса, анда ушул бөлүктүн максатында ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү колдонулат.";

15) 178-берененин 21-бөлүгүндө:

а) 1-пунктта "мындай статуста катталган" деген сөздөр алып салынсын;

б) 2-пунктта "мындай статуста эсептик каттоодон өткөн" деген сөздөр алып салынсын;

16) мамлекеттик тилдеги 183-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Министрлер Кабинети ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чегинде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө пайда салыгы, КНС жана сатуу салыгы боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.";

17) 187-беренеде:

а) 2-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга карата бир айдагы орточо айлык эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кеч эмес мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.";

в) 6-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик киреше" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 7-бөлүктүн биринчи абзацында "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

18) 189-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуунун же куруунун наркын кемитүү менен, ошондой эле ондоого жана/же жасалгалоого кеткен чыгымдарды кемитүү менен жана/же салык төлөөчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыктыярдуу декларациялоо жол-жобосунан өткөндө атайын декларацияда чагылдырылган наркты кемитүү менен аны сатуудан түшкөн каражат;";

19) 191-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) дайыма багууга жана көзөмөлгө муктаж болгон баланын жана/же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"18) спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акылар.";

в) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн белгиленген үстөктөр жана райондук коэффициенттер, эгерде бул төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуш берүүчүнүн милдети болуп эсептелсе;";

г) 6-бөлүктө:

- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде сатылуучу мүлк салык төлөөчү тарабынан жакын тууганынан мурастоо же белекке берүү тартибинде алынган болсо, анда белгиленген бир жылдык мөөнөт мураска калтыруучунун же белекке берүүчүнүн менчик укуктары катталган датадан тартып эсептелет;";

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) автомототранспорт каражатын кошпогондо, өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк.";

д) 7-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивидендди кошпогондо, резидент-жеке жак тарабынан алынган, ошондой эле ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыздык ставка боюнча салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жак тарабынан алынган дивиденд;";

20) 197-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) I же II топтогу майыптыгы барлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан белгиленген угуу боюнча III топтогу майыптыгы барлар. Майыптык тобун тастыктоочу документ салык агентинин салык төлөөчүнүн кабинетинде тиркелиши керек.";

21) 199-берененин 2-бөлүгүндө "минималдык эсептик кирешеден" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акыдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

22) 200-беренеде:

а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Эгерде кызматкердин киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү орточо айлык эмгек акынын суммасынан аз сумманы түзсө:

1) киреше салыгы боюнча салык базасынын өлчөмү салык агенти тарабынан киреше салыгы кармалуучу орточо айлык эмгек акыга тең деп кабыл алынат;

2) орточо айлык эмгек акыдан кармалуучу киреше салыгынын суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт:

а) кызматкердин эмгек акысынан - иш жүзүндөгү эсептелген салык базасынан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө;

б) жумуш берүүчүнүн каражаттарынан - орточо айлык эмгек акы менен иш жүзүндө эсептелген салык базасынын ортосундагы айырмадан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө.

Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмесин эсептөө үчүн киреше салыгы боюнча салык базасы жана орточо айлык эмгек акынын суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан тартып кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өсүүчү жыйынтык менен жумуш берүүчү тарабынан эсептелет.";

б) 8-бөлүктө "минималдуу эсептик кирешенин" деген сөздөр "орточо айлык эмгек акынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 206-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

"41) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы иш - Кыргыз Республикасы бул товарлар чыгарылган жер болуп саналбаган учурда жүзөгө ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жайгашкан товарларды сатуу боюнча иш. Ушул пункттун максаттарында товарлар деп Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтпөгөн товарлар түшүнүлөт;";

24) 233-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Улуттук банктын жөнгө салуучу талаптарына, же болбосо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык банк тарабынан түзүлүүчү резервдердин суммасы мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган учурларда жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.";

25) 240-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Ушул бөлүмгө ылайык эсептелген, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага салыктын ставкасы 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Ушул бөлүктү колдонуу укугу салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өзүнчө эсеп жүргүзгөндө гана пайда болот.";

26) 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"249-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине салыктын ставкалары

1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык агентинде төмөнкүдөй ставкалар боюнча салык салынууга тийиш:

1) листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориясы боюнча Кыргыз Республикасынын фонддук биржасынын листингинде турган баалуу кагаздардан алынган пайыздык кирешелерден тышкары, дивиденддер, пайыздык кирешелер, исламдык каржылоого ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча төлөнүүчү кирешелер - 10 пайыз;

2) төмөнкүлөр боюнча төлөнгөн камсыздандыруу сый акылары:

а) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөмдөрдү кошпогондо, камсыздандыруу же тобокелдиктерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 5 пайыз;

б) милдеттүү камсыздандыруу же тобокелдиктерди милдеттүү камсыздандыруу боюнча кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча - 10 пайыз;

3) автордук гонорарлар, роялти - 10 пайыз;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;

5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.

Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп ташуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемеси, автотранспорт каражаты же темир жол транспорту аркылуу ар кандай ташуулар түшүнүлөт.

2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 240-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 3 пайыз ставка боюнча пайдага салык салынуучу пайданын бөлүгү түрүндө алынган дивиденддерге төлөм булагында 0 пайыз ставка боюнча салык салынууга тийиш.";

27) 253-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, жумуш аткаруучу же кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле сатып алуучуларга - Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке жактарга товарлар менен электрондук соода жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм же жеке ишкер. Ушул кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.";

28) 295-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 1-пунктта:

- биринчи абзацта "өндүрүү" деген соз "реконструкциялоо, өндүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, жеке уюм менен. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети социалдык маанилүү объект тууралуу келишим түзгөн жеке уюмдар жөнүндө жобону бекитет;";

б) 2-пунктта "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга жумуштарды өткөрүп берүү же товарды, же кыймылсыз мүлк объектин, курулманы берүү социалдык маанилүү объектти реконструкциялоодо, курууда же өндүрүүдө мындай келишим түзүлгөн датадан тартып 3 жылдан кеч эмес мөөнөттө жана социалдык маанилүү объектти импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген күндөн же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектти сатып алган күндөн тартып бир жылдан кеч эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылса;";

в) 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкүдөй товар же кыймылсыз мүлк объекти, курулма таанылат:

а) калктын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфратүзүм жаатындагы керектөөсүн канааттандырууга багытталган; жана

б) грант берүүчүнүн эсебинен реконструкцияланган, чыгарылган же курулган. же сатып алынган; жана

в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өч алдынча башкаруу органына, жеке уюмга андан ары пайдалануу үчүн өткөрүп берилген:

4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектти реконструкциялоо, өндүрүү жана/же куруу, жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объект боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде андан ары пайдалануу үчүн аны мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, жеке уюмга өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.";

29) 296-беренеде:

а) 5-пункт "чыгарылган" деген сөздөн кийин "жана/же чогултулган" деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү. Спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

30) 297-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 26-пункт менен толукталсын:

"26) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттер тарабынан импорттолуучу, спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар.";

б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23, 26-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.";

31) 307-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык салынуучу берүү боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 308-беренесине ылайык аныкталуучу берүүнүн салык салынуучу наркы саналат.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын салык салынуучу импорту боюнча КНС үчүн салык базасы болуп ушул Кодекстин 311-беренесине ылайык аныкталуучу импорттук товарлардын салык салынуучу наркы саналат.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдиктин белгилери бар КНС салык базалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.";

32) 311-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

33) 336-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"336-берене. Акциздин базалык ставкалары

1. Акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

№

Акциздик товарлар

ТЭИ ТН коду

Өлчөө бирдиги (салык базасы)

Салыктын базалык ставкалары

1

Денатураланбаган этил спирти, этил спирти жана башка денатураланган бардык концентрациядагы спирт тундурмалары, буга өндүрүү укугуна лицензиясы бар болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө же арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн товар өндүрүүчүлөр тарабынан импорттолуучу же атайын керектөөчүлөргө норманын чегинде өндүрүү кирбейт

2207

литр

350 сом

2

Арак

220860

литр

300 сом

3

Ликер-арак ичимдиктери

220830; 220870;

220890

литр

300 сом

4

Күчтөндүрүлгөн ичимдиктер, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар

220840;

220850

литр

300 сом

5

Шараптар

2204, буга 220410 жана 220430 кирбейт; 2205;2206

литр

100 сом

6

Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары)

2208201200-2208202900; 2208206200-2208208900

литр

200 сом

7

Шуулдап туруучу шараптар, анын ичинде газдалган шарап жана шампан

2204; 2205;2206

литр

140 сом

8

Бөлүштүрүп куюлган жана бөлүштүрүлүп куюлбаган сыра

2203

литр

30 сом

9

Шарап материалдары

220430

литр

35 сом

10

Алкоголу аз ичимдиктер

220890

литр

200 сом

11

Курамында кант кошулмалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар

2202

литр

100 сом

12

Тамеки буюмдары:

1)

Чыпкасы бар сигареттер, чыпкасыз сигареттер жана папиростор:

2402

1000 даана

2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

2250 сом

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2500 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2750 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3000 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3250 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

3500 сом

2)

Сигариллалар:

2402

1000 даана

2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

2250 сом

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2500 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2750 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3000 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3250 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

3500 сом

3)

Сигаралар:

2402

1 даана

2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

200 сом

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

250 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

275 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

300 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

325 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

350 сом

4)

Түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу, кальяндык тамеки (тамеки продукцияларын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо):

2403

килограмм

2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

800 сом

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2000 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2250 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2500 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2750 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

3000 сом

5)

Ысытылган тамекиси бар цилиндр формасындагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен ысытылуучу капсула):

2404

тамеки аралашмасынын килограммы

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3700 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

4100 сом

2024-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2404

1000 даана

2500 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

2750 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

3000 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

3250 сом

6)

Чачылма түрдөгү ысытылма тамеки

2404

килограмм

2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

4000 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

5000 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

6000 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып

7000 сом

7)

Электрондук сигареталарда пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук:

2404

миллилитр

2023-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелин кошуп алганда

3 сом

2023-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

13 сом

2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

15 сом

2025-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

18 сом

2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошуп алганда

20 сом

2027-жылдын 1-январынан тартып

23 сом

8)

Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары

2404

1 даана

100 сом

9)

Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары)

8543 40 000 0

1 даана

100 сом

13

Мунай продуктулары:

1)

таш көмүр чайырын жогорку температурада ысытуудан чыккан май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн массасы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн массасынан жогору болгон ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол

2707 10 100 0

тонна

5000 сом

2)

жаратылыш газ конденсаты, тыгыздыгы 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес 20 ºС жана массасы 1,0%дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты, башка

2709 00 100 1; 2709 00 100 9

тонна

5000 сом

3)

битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай жана чийки мунай продуктулары

2709 00 900 1-2709 00 900 9

тонна

0 сом

4)

мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар

2710 12 110-2710 12 900; 2710 19 1100-2710 19 150 0; 2710 19 250 0; 2710 19 290

тонна

10000сом

5)

башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы)

2710 20 900 0

тонна

5000 сом

6)

реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун

2710 192100

тонна

2000 сом

7)

дизелдик отун, газойлдор, оор дистилляттар

2710 19 3100-2710 19 480 0; 2710 20 1100-2710 20 190 0

тонна

2000 сом

8)

мазут

2710 19510-2710 19 680 9; 2710203101-2710 20 390 9

тонна

2000 сом

9)

майлоочу майлар; башка майлар

2710 19 7100-2710 19 980 0; 3403 19 900 0

тонна

2000 сом

10)

мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор

3811 11 900 0; 3811 19 000 0

тонна

5000 сом

11)

битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошундулар

3811 21 000 0

тонна

5000 сом

12)

2023-жылдын 1-июлунан баштап унаанын күйүүчү майы катары колдонулуучу СКГ

2711 11 0000-2711 19 0000

тонна

3000 сом

2. Акциздин ставкасы белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык максаттарда жана дезинфекциялык каражаттарды жана парфюмериялык-косметикалык продукцияларды ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген ченемдердин чектеринде өндүрүү үчүн пайдалануучу жактар этил спиртин атайын керектөөчүлөр болуп саналат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Атайын керектөөчүлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

34) 358-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) КНС жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн каражат - алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, аларды сатууда же кайра иштетүүгө чейинки пайдалуу кендердин өздүк наркы;";

35) 364-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3) баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификатталган ата мекендик уюм болуп саналган аффинаждык ишкана тарабынан аффинаждалган, алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, инвестициялык монеталарды.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу субъект тарабынан сатылуучу спортту өнүктүрүүгө багытталган товарлар сатуудан алынуучу салык төлөөдөн бошотулат. Спортту өнүктүрүүгө багыттылган товарлардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

36) 368-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 1-пункттун биринчи абзацында "накталай формада төлөнгөн," деген сөздөр алып салынсын;

6) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) салык салынбаган же КНС төлөөдөн бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:";

37) расмий тилдеги 373-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында "настоявшей" деген сөз "настоящей" деген сөздөргө алмаштырылсын;

38) расмий тилдеги 397-берененин биринчи абзацында "садовоогородного" деген сөз "садово-огородного" деген сөзгө алмаштырылсын;

39) 401-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Учурдагы салык мезгилинде айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";

40) 404-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Учурдагы салык мезгилинде калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге тиешелүү болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет. Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляциянын коэффициенти белгиленбесе, ал мурдагы салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар колдонулат.";

41) 413-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Айрым салыктар патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн. Патент электрондук форматта таризделет (электрондук патент).";

б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

42) 423-беренеде:

а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"а) импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, ошондой эле ишин Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймакта жүргүзүүчү, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын көлөмү төмөнкүдөй болгон субъект тарабынан:";

б) 7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Ушул берененин 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттерди, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин ошол түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү үчүн салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.

8. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган жеке ишкерлерди кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:

1) катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын өлчөмү 15000000 сомдон ашпаган;

2) ишти төмөнкүдөй жүзөгө ашырган:

а) ККМ колдонуу менен;

б) кызматкерлерди жалдабастан, өз ишин экиден ашпаган жалданма кызматкерлерди тартуу менен жүзөгө ашыруучу соода субъекттерин кошпогондо;

3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган.

Соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер үчүн 0 пайыздык ставканы колдонуунун кошумча шарты болуп бир соода объектинде иш жүргүзүү саналат.";

в) 11-бөлүктө "8000000" деген цифралар "15000000" деген цифраларга алмаштырылсын;

г) 13 жана 14-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0,1 пайыздык ставка боюнча салык төлөөгө укуктуу:

1) түшкөн каражаттын өлчөмү катары менен келген акыркы 12 айда 100000000 сомдон ашпаса;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМ, электрондук эсеп-фактураларды жана коштомо документтерди милдеттүү түрдө колдонуу менен иш жүргүзсө;

3) жеке ишкер төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзбөсө:

а) товарларды өндүрүү;

б) алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сатып өткөрүү;

4) жеке ишкер экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаса.

Ушул берененин 13-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталбаганда, жеке ишкер салыкты ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган ставкалар боюнча төлөйт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн базарлардын жана кичи базарлардын иштешине карата талаптар, аны менен кошо алардын ээлерине карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

14. Турак жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жана/же курулуш иштерин аткаруучу субъект бул ишке карата 6 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";

43) 427-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "режими төмөнкүлөрдү" деген сөздөрдөн кийин "чогултуу," деген сөз менен толукталсын;

44) 430-берененин 5-бөлүгү "КНС" деген аббревиатурадан кийин "жана акциз" деген сөздөр менен толукталсын;

45) 452-берененин 3-бөлүгүндө "салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасы саналат" деген сөздөр "салык төлөөчүнүн түшкөн каражатынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма саналат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

46) 453-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салыктын базалык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

- 2024-2025-жылдар мезгилине 1 пайыз;

- 2026-жылдын мезгилине 2 пайыз;

- 2027-жылдан баштап 3 пайыз.

3. Оюн-зоок ишине салыктын ставкалары белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.";

47) 454-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"454-берене. Салык мезгили

1. Оюн-зоок ишине салык үчүн салык мезгили болуп бир календардык ай саналат.

2. Онлайн-казинолор жана электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн салык мезгили болуп квартал саналат.";

48) 456-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык төлөөчү салыкты кварталына бир жолу төлөөгө милдеттүү:

1) онлайн-казинолордун жана электрондук (виртуалдык) казинолордун иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кеч эмес;

2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык мезгили башталганга чейин.";

49) 457-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында ", анын ичинде тосмого карата талаптар" деген сөздөр алып салынсын;

50) 459-берененин 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-5)
