# 10-берене

- Документ: [Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5376/edition/13390/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011207/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 10-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-10

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берене;

2) расмий жарыяланган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 4, 5, 12-14, 17, 21 жана 22-пункттары, 5 жана 7-беренелер;

3) 2023-жылдын 6-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 1 жана 24-пункттары;

4) 2023-жылдын 9-июнунан тартып күчүнө кирүүчү 4-берененин 18-пункту.

2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 2024-жылдын мезгилдерине ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 17-пунктунда жана 7-беренесинин 13-пунктунда көрсөтүлгөн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте статистика органынын маалыматтарынын негизинде өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча аныкталат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2024-жылдын 20-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207/st-9)
