# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011206)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011206/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5375/edition/13388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011206/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (22.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011206/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 89-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Уставында пайда алуу негизги максат катары коюлбаган диний коммерциялык эмес уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактардын фирмалык аталышында диний мүнөздөгү сөздөрдү, терминдерди, аныктамаларды колдонууга жол берилбейт. Диний мүнөздөгү сөздөрдүн, терминдердин, аныктамалардын тизмеги жана аларды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011206/st-2)
