# 9-берене. Өзгөчө мааанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияларга бөлүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 9-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-9

---

1. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объектисин категорияларга бөлүү өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объектисинин маанилүүлүк критерийлерине жана алардын маанилеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык келишин белгилөөнү, ага маанилүүлүк категорияларынын бирин ыйгарууну, аны ыйгаруунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүүнү туюндурат.

2. Категорияларга бөлүү төмөнкүлөрдөн улам жүзөгө ашырылат:

1) адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилүүсү мүмкүн болгон зыянды, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу объекттеринин, транспорттук инфратүзүмдүн, байланыш тарамдарынын иштешин токтотуу же бузуу мүмкүнчүлүгүн баалоодо туюнтулган социалдык маанилүүлүктөн;

2) өзгөчө маанилүү маалыматты инфратүзүм субъекттерине жана Кыргыз Республикасынын бюджетине түздөн-түз жана кыйыр түрдө келтирүүсү мүмкүн болгон зыянды баалоодо туюнтулуучу экономикалык маанилүүлүктөн;

3) айлана-чөйрөгө таасир этүү деңгээлин баалоо менен туюнтулуучу экологиялык маанилүүлүктөн;

4) өлкөнүн коргонуусун, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоо үчүн өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объектисинин маанилүүлүгүнөн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-10)
