# 7-берене. Маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 7-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-7

---

1. Маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү макулдашылган иш-аракеттерине шарттарды түзүү жана координациялоо максатында түзүлүүчү туруктуу негизде иштеген консультациялык-кенеш берүүчү орган болуп саналат.

2. Маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук чөйрөсүндө кырдаалдын өнүгүү динамикасына талдоо жүргүзүү жана аны Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздоо боюнча чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү;

2) маалыматтык коопсуздуктун жана киберкоопсуздуктун тышкы жана ички коркунучтарын баалоо жана аларды болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;

3) маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын саясатынын негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо.

3. Маалыматтык коопсуздукту жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жобосу жана курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-8)
