# 5-берене. Киберкоопсуздук системасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 5-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук системасын киберчабуулдардын жана кибержаңжалдардын кесепеттеринин алдын алуу, табуу, чара көрүү жана азайтуу боюнча күчтөр менен каражаттар түзөт.

2. Киберчабуулдардын жана кибер жаңжалдардын кесепеттеринин алдын алуу, табуу, чара көрүү жана азайтуу үчүн багытталган күчтөргө төмөнкүлөр кирет:

1) киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

2) санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) киберкоопсуздукту камсыздоого катышуучу башка уюмдар.

3. Киберчабуулдардын жана кибержаңжалдардын кесепеттеринин алдын алуу, табуу, чара көрүү жана азайтуу үчүн багытталган каражаттарга программалык камсыздоо, киберкоопсуздукту камсыздоого багытталган жана пайдаланылуучу техникалык жана башка каражаттар кирет.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-6)
