# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 2-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөнкүлөрдү туюндурат:

1) киберкоопсуздуктун аудити - маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугунун учурдагы абалынын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн контролдоо үчүн системалык, объективдүү, документтештирилген текшерүү;

2) киберкоопсуздук жаңжалы (мындан ары - кибержаңжал) - маалыматтык инфратүзүм объектисинин иштешинин бузулуу жана (же) токтоо жана (же) ушундай объект тарабынан иштелип чыгуучу маалыматтын коопсуздугунун, анын ичинде киберчабуулдан келип чыккан бузулуу окуясы;

3) маалыматтык инфратүзүм - маалыматты түптөө, түзүү, кайра түзүү, өткөрүп берүү, пайдалануу жана сактоо, ошондой эле технологиялык процесстерди башкаруу үчүн пайдаланылуучу маалымат системаларынын, маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын, электр байланыш тарамдарынын, Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы электр байланыш тарамдарынын, маалыматтар базаларынын, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун жана автоматташтырылган башкаруу системаларынын жыйындысы;

4) киберчабуул - алардын иштешин бузуу жана (же) алар иштеп чыккан маалыматтын коопсуздугун бузуу максатында жүзөгө ашырылуучу, маалыматтык инфратүзүм объекттерине программалык, программалык-аппараттык каражаттар, анын ичинде башка техникалык каражаттар, технологиялар жана жабдуулар менен максаттуу багытталган таасир этүү;

5) киберкоопсуздук - коопсуздукту камсыздоо каражаттарынын жыйындысын, стратегияларын, принциптерин пайдалануунун, коопсуздук кепилдигинин, тобокелдиктерди башкаруу ыкмаларынын жана камсыздандыруунун, кесиптик даярдоонун, практикалык тажрыйбанын жана технологиялардын эсебинен камсыздалуучу маалыматтык инфратүзүм объекттериндеги маалыматтын аутенттүүлүгүн жана бузулууларга туруктуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана купуялуулугун камтышы мүмкүн болгон бүтүндүк касиеттерди сактоо;

6) киберкоркунуч - бул маалыматтык инфратүзүм объекттерине таасир этүү аркылуу жеке, юридикалык жактарга, коомго же мамлекетке түз же кыйыр түрдө зыян келтириши мүмкүн болгон учурдагы жана потенциалдуу мүмкүн болуучу көрүнүштөр жана факторлор;

7) кибермейкиндик - тийиштүү технологиялар аркылуу маалыматтык инфратүзүм объекттеринде адамдардын иш-аракеттеринин, программалардын жана сервистердин натыйжасында түзүлгөн комплекстүү виртуалдуу (колго кармалбаган) чөйрө;

8) маалыматты коргоо каражаттары - маалыматты коргоого багытталган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, аларда маалыматтар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле маалыматты коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;

9) киберчабуулдарга чара көрүү командасы (Computer Emergency Response Team "CERT") - менчигинин түрүнө карабастан, анын ичинде юридикалык жакты уюштурбастан кибер жаңжалдарга мониторинг жүргүзүүнү, топтоону, талдоону, аныктоону жана чара көрүүнү жүзөгө ашыруучу уюм.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-3)
