# 15-берене. Киберкоопсуздук аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 15-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-15

---

1. Киберкоопсуздук аудити ички, мамлекеттик жана көз карандысыз болуп бөлүнөт. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине карата киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүнүн жыйынтыктары киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө жөнөтүлөт, ал эми Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналган өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери киберкоопсуздук аудитинин жыйынтыгын Улуттук банкка жөнөтөт.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалар жана мекемелер, ошондой эле 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдор киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудитти өз алдынча жүргүзүүгө милдеттүү.

3. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине мамлекеттик аудит киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин, ошондой эле өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине кирбеген, 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбалык коомдордун маалыматтык инфратүзүм объекттерине карата мамлекеттик киберкоопсуздук аудити санариптештирүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

4. Көз карандысыз аудит аккредитацияланган юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат жана өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине карата жүргүзүлөт.

Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналган өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери Улуттук банктын талаптарына ылайык кез карандысыз аудит жүргүзөт. Көз карандысыз аудит менчигинин түрүнө карабастан маалыматтык инфратүзүм объекттерине карата өз алдынча да жүргүзүлүшү мүмкүн, анын жыйынтыктары киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүнү талап кылбайт.

5. Атайын статусу бар мамлекеттик органдарга киберкоопсуздук аудити алардын ишин уюштурууну жана тартибин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдарда каралган тартипте жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-16)
