# 14-берене. Киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 14-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-14

---

1. Киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) киберкоркунучтарды өз убагында табуу, алдын алуу жана жок кылуу системасын түзүү;

2) жарандардын санариптик сабаттуулугун жана кибермейкиндикте жүрүм-турумдун коопсуздук маданиятын, киберкоопсуздук максаттарын колдоо, коомдун киберкоркунучтар жана киберкоргонуу жөнүндө маалыматты билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик жана коомдук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон комплекстүү билимдерди, көндүмдөрдү жана шыктарды жогорулатуу;

3) мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандардын ортосунда өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерине болгон киберкоркунучтар жөнүндө маалымат алмашуу;

4) кибержаңжалдарга чара көрүү командаларынын өнөктөштүктөрү жана координациялары;

5) киберкоопсуздук жаатындагы негизги тармактык долбоорлорду жана ченемдик документтерди даярдоого эксперттик потенциалды, илимий мекемелерди, кесиптик бирикмелерди жана коомдук уюмдарды тартуу;

6) киберчабуулга чара көрүү маселелери боюнча консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүү;

7) кибермейкиндикте коопсуздукту камсыздоо максатында жарандар, өнөр жай жана бизнес өкүлдөрү үчүн демилгелерди калыптандыруу жана беделдүү консультациялык аянтчаларды түзүү;

8) киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын натыйжалуулугуна коомдук контролдоо механизмин киргизүү;

9) киберкоопсуздук маселелери боюнча кадрларды даярдоо системасын түзүү жана адистердин потенциалын жогорулатуу.

2. Киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүү айрым объекттерге жана иштин айрым түрлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктук режимдин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонулат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-15)
