# 13-берене. Киберкоркунучтардын бирдиктүү базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 13-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-13

---

1. Киберкоопсуздуктун орун алган коркунучтары жөнүндө кызыкдар жактарга маалымдоо максатында киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киберкоркунучтардын бирдиктүү базасы түзүлөт жана жүргүзүлөт.

2. Киберкоркунучтардын бирдиктүү базасы киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү көйгөйлөрү, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү коркунучтар, кибержаңжалдар жана зыяндуу программалык камсыздоо, маалыматтык инфратүзүмдөгү маалыматтын коопсуздугунун негизги коркунучтары жана аялуу жерлери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

3. Кызыкдар жактар киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү тартипте жана формада киберкоркунучтардын бирдиктүү базасын толуктай алат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-14)
