# 12-берене. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 12-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк категориясына жараша дифференцияланат жана бул талаптар менен төмөнкүлөр каралат:

1) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды пландоо, иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана ишке ашыруу;

2) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн уюштуруу жана техникалык чараларды көрүү;

3) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн колдонулуучу программалык жана программалык-аппараттык каражаттардын параметрлерин жана мүнөздөмөлөрүн белгилөө.

2. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу, ал эми Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналган өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери - Улуттук банк менен макулдашуу боюнча өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча талаптарды белгилей алышат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-13)
