# 10-берене. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5371/edition/13381/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011195/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө, 10-берене (17.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-10

---

1. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды өз убагында алууга;

2) кибержаңжал келип чыккан учурда киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көмөк көрсөтүүсүн суроого.

2. Өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө;

2) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды сактоого;

3) киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ал эми Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналган өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери - Улуттук банкка кибержаңжалдар жөнүндө маалымдоого;

4) киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ал эми Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жактар болуп саналган өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъекттери - Улуттук банктын жазма буйруктарын/чараларын аткарууга;

5) өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм субъектисине киберкоопсуздук аудитин жүргүзүүнү камсыздоого.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011195/st-11)
