# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5370/edition/13358/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011172

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 24-июлу № 144 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172/st-1)

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "мамлекеттик менчик объекттерине, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөөнүн эсебинен берилүүчү стратегиялык объекттерге.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172/st-2)

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун укуктук жобосунун өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172/st-3)

"Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-берененин экинчи бөлүгү "менчиктештирүү" деген сөздөн кийин "жана башка ээликтен ажыратуу" деген сөздөр менен толукталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011172/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 27-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
