# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011167/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15757/edition/13352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011167/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын, 3-берене (22.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011167/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1091-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө биринчи кезекте электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу каралууга тийиш.";

2) 112-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Күрөө - айыпталуучу же болбосо башка адам тарабынан айыпталуучунун ушул Кодекстин 105-беренесинде саналып өткөн аракеттерди жасабагандыгынын кепилдиги катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүлүүчү акчалай сумма. Жарандык жүгүртүүдөн алып салынган жана мыйзамга ылайык ага жаза салынышы мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо, камак салынуучу башка баалуулуктар, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн. Күрөө катары башка баалуулуктарды, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү берүүдө айыпталуучу же болбосо башка адам аларды кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга укук белгилөөчү документтери менен берүүгө милдеттүү. Күрөөнүн баалуулугун далилдөө жана чектөөлөрдүн жоктугу айыпталуучуга же болбосо башка адамга жүктөлөт.";

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечимди тергөө судьясы, судья, сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын же башка чараны колдонуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча соттук отурумда айыпталуучу, анын адвокаты, мыйзамдуу өкүлү менен камакка алууга альтернативдүү болгон бөгөт коюу чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоонун жыйынтыгын эске алуу менен кабыл алууга укуктуу. Тергөө судьясы, судья, сот күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алып, күрөөнүн өлчөмүн жана киргизүү мөөнөтүн белгилейт. Эгерде айыпталуучу кармалса, анда кармоо мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган шартта күрөө киргизилгенге чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалат. Күрөөнүн суммасы атайын банктык эсепке салынган же күрөө киргизилгенге чейин бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтомдо судья, сот тарабынан аныкталган күрөө суммасына өлчөмдөш же андан көп болгон баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк берилген учурда, айыпталуучунун, анын адвокатынын, күрөөнү киргизген адамдын өтүнүчү боюнча тергөө судьясы 24 сааттын ичинде, ал эми сот - өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 5 сутканын ичинде соттук отурумда бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечет. Прокурорду, адвокатты кошпогондо, тараптардын келбей калышы бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө маселени чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

"31. Баалуулуктарды, кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөө катары берүүдө тергөө судьясы, судья, сот прокурордун, адвокаттын, күрөө берүүчүнүн катышуусу менен ошол мүлктү камакка алат. Мүлктү күрөө катары кабыл алуу жана ага камак салуу жөнүндө токтом, ошондой эле берилген мүлктүн документтери кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органга өткөрүлүп берилет. Соттук отурумга катышуучу жактарга токтомдун көчүрмөсү берилет.";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:

"51. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө күрөөнү колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.";

д) төмөнкүдөй мазмундагы 81-бөлүк менен толукталсын:

"81. Баалуулуктар, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк күрөө катары берилген учурда мамлекеттин кирешесине айландыруу мүлктүн тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталган күрөөнүн суммасына өлчөмдөш болгон бөлүгүнө жүргүзүлөт.";

3) 113-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө үй камагын колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.";

4) 114-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата менчикке каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 210, 214, 215-беренелери), экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 218, 220, 223, 225, 228, 230, 231-беренелери), акча-кредит жана валюта чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 232, 235-237-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү (Кылмыш-жаза кодексинин 238-244-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы (Кылмыш-жаза кодексинин 245, 247-беренелери) кылмыштар боюнча камакка алуу колдонулбайт. Биринчи кезекте ушул Кодекстин 1091, 112 же 113-беренелеринде каралган бөгөт коюу чараларын колдонуу каралууга тийиш. Бул бөлүктүн ченемдери тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбайт.".

---

Мурунку берене: [436-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167/st-436)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011167/st-4)
