# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5369/edition/13315/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-июлундагы № 145 "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө" Мыйзамы (24.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011131

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 24-июлу № 145 Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011131/st-1)

15-март Кыргыз Республикасында жыл сайын майрамдалуучу Аталар күнү деп белгиленсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011131/st-2)

Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргыз Республикасында жыл сайын майрамдалуучу Энелер күнү деп белгиленсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011131/st-3)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- үй-бүлөнү жана энеликти колдоо боюнча программаны иштеп чыксын жана бекитсин;

- Кыргыз Республикасында Аталар күнүнө жана Энелер күнүнө арналган маалыматтык-агартуу кампаниясын өткөрсүн.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011131/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 57 (3611) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 26-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
