# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5367/edition/13308/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 132 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (22.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011123

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 22-июлу № 132 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011123/st-1)

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 53-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011123/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 56 (3610) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 27-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
