# 8-берене. Технопарктарды ТМРге киргизүүнүн шарттары

- Документ: [Технологиялык парктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 138 "Технологиялык парктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230011107/edition/13296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230011107/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Технологиялык парктар жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-8

---

Технопаркты ТМРге киргизүү төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:

1) инновациялык продуктуну же кызмат көрсөтүүнү технопарктын аймагында иштеп чыгуу боюнча долбоордун болушу;

2) ТМРге кирген күндөн тартып үч жылдан кем эмес мөөнөткө технопаркты өнүктүрүү программасынын болушу жана анын экономикалык негиздүүлүгү;

3) төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген чакан же орто ишкана болуп саналган технопарктын бирден кем эмес резидентинин болушу:

а) технопарктын аймагында ишкана/ишканалар тарабынан уюштурулган 5тен кем эмес жумуш орундарынын болушу;

б) ишкана/ишканалар тарабынан товардык продукция, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө ишке ашырылган илимий-техникалык иштелмелердин болушу;

4) технопарктын резиденттерине кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттардын болушу;

5) технопарктын венчурдук инновациялык фондунун болушу;

6) технопаркты өнүктүрүү келечегин эске алган зарыл инфратүзүмдүн болушу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230011107/st-9)
